Садыр Жапаров кыргызстандык кыз-келиндерди жарандык никеге турбоого чакырды
Zobolo — Президент Садыр Жапаров Сокулук районунун тургундары менен жолугушуу учурунда кыргызстандык кыз-келиндерге кайрылып, расмий никеге турбай туруп жашоодон баш тартууга чакырды.
Иш-чарада жер тургундарынын бири өзүнүн көйгөйүн ортого салып, ИИМдин мурдагы кызматкери менен никеси катталбастан жашаганын айтып даттанган. Түгөйлөр үч балалуу болуп, ортодо үй-мүлк жана мал-жандык күтүшкөн. Бирок азыркы учурда чогуу жашабай калгандан кийин алимент өндүрүү жана мүлктү бөлүштүрүү чоң кыйынчылыктарды жаратып жатканын билдирген.
Маселени уккан мамлекет башчы нике күбөлүгүнүн жоктугу мыйзам алдында аялдардын жана балдардын укугун коргоону кыйындатарын белгиледи.
Жарандык никени унуткула, өзгөчө, биздин кыздар. Тиешелүү тартипте барып, никени каттатып, күбөлүк алгыла, анан гана чогуу жашагыла, — деди президент.
Өлкө башчы ошондой эле залда отурган жооптуу кызматкерге жабыркаган аялга юридикалык кеңеш берип, маселесин тез арада чечип берүүнү тапшырды.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү