Бишкектеги № 37 мектеп бузулуп, анын ордуна жаңы корпус курулат
Zobolo — Бишкек шаарындагы Карасаев көчөсүндө жайгашкан № 37 мектептин эски имараты бузулуп, анын ордуна жаңы окуу корпусу курулат. Бул тууралуу Жогорку Кенештин комитетинин кеңейтилген жыйынында мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Мэрдин айтымында, депутат Дастан Бекешевдин аталган мектептин абалы абдан начар экенин айтып чыккан кайрылуусунан кийин, аны оңдоп-түзөөдөн өткөрүү маанисиз экени аныкталган. Андыктан эски имарат толугу менен бузулат.
2027-жылы анын ордуна жаңы корпус курабыз, бул максаттарга жергиликтүү бюджеттен каражат каралган, — деп ишендирди шаар башчысы.
Айта кетсек, жыйында бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 107 авариялык мектеп бар экени айтылды.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Бишкекте Токомбаев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде оңго бурулууга уруксат берилди
Zobolo
81
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү