Мэрия борбордогу чуулу курулуштарды кантип талкалады?
Zobolo — Бишкек шаардык мэриясынын Экологиялык кеңешинин чечими менен Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги № 12 мектептин жанында жайгашкан соода түйүндөрү демонтаждолду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 26-августунда Экологиялык кеңештин жыйынында борбор калаанын мектептеринин аймагын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү каралган тизме бекитилген.

«Сладости Востока» дүкөнү баштаган капиталдык соода объектилерин бузуу иштери Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан соттун чечинин негизинде ишке ашырылууда. Аймак толук бошотулгандан кийин Свердлов райондук администрациясы тарабынан жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Бишкекте Токомбаев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде оңго бурулууга уруксат берилди
Zobolo
83
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү