Бишкекте министр министрге операция жасады
Zobolo — Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов кесиптешине жүрөгүнө операция жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Министрдин айтымында, кезектеги иш күнү анын тажрыйбасында өзгөчө болгон:
Бүгүн мен үчүн өзгөчө жумуш күн болду. Дарыгер катары кесиптешиме операция жасап, жүрөгүнө стент койдук. Инфарктынын алдын алууга жетиштик, — деп жазды Осмонов.
Медициналык этиканы жана сырды сактоо максатында бейтап-кесиптешинин аты-жөнү ачыкталган жок.
Белгилей кетсек, Дамир Осмонов — кесиби боюнча кардиолог. Министрлик кызматка дайындалганга чейин көп жылдар бою Түркияда, Казакстанда жана Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо жаатында эмгектенген.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Соңку 10 жылда Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны эки эсеге азайды
Zobolo
553
•1 мүнөт окуу
Эксперттер карылыкты кабыл алууга жана ага болгон көз карашты өзгөртүүгө чакырышты
Zobolo
845
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү