23 Ноябрь Бишкек +12°
Курстар USD 87.47 +0,02% EUR 96.00 +0,03% RUB 1.07 +0,11% KZT 0.1919 -1,24%
Соңку билдирүүлөр
Сокулукта 25 миң көрүүчү баткан көк бөрү аренасы курулат

Сокулукта 25 миң көрүүчү баткан көк бөрү аренасы курулат

• 1 мүнөт окуу • 76 көрүү

Zobolo — Сокулук районунун Белек айылынын жанында жалпы аянты 114 гектарды түзгөн ири ат спорту комплекси курулат.

Долбоорго ылайык, ал жерде 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан ат майдан (ипподром) жана көк бөрү оюндары үчүн 25 миң орундуу өзүнчө арена салынат.

Мындан тышкары, комплекстин аймагында машыгуу аянтчалары, ат сарайлар, унаа токтотуучу жайлар, эс алуу аймактары жана туристтик объектилер каралган. Бирок курулуш качан аяктаары жана долбоорго канча каражат кетээри азырынча айтыла элек.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар