23 Ноябрь Бишкек +12°
Курстар USD 87.47 +0,02% EUR 96.00 +0,03% RUB 1.07 +0,11% KZT 0.1919 -1,24%
Соңку билдирүүлөр
Бишкекте онкологиялык оорулардан дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда

Бишкекте онкологиялык оорулардан дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда

• 1 мүнөт окуу • 193 көрүү

Zobolo — Баш калаадагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында онкологиялык оорулардан дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Жалпы аянты 3,5 миң чарчы метрди түзгөн имарат 70 орунга ылайыкташкан.

Долбоордо 14 эки орундуу бөлмө, 4 кызматтык кабинет, жыйындар залы, спорт зал, ашкана, кир жуучу жай, санитардык бөлмөлөр, кампалар каралган.

Курулушка каражат президенттин Стабилизациялык фондунан бөлүнгөн.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда А блогунда кабаттар аралык плиталарды монтаждоо аяктап, Б блогунда колонналар орнотулду, ал эми В блогунда плиталарды бетондоо иштери бүткөрүлдү.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар