Бишкекте корей маданиятынын салттуу кимчи фестивалы өттү
Zobolo — Бүгүн, 7-ноябрда баш калаанын Ала-Тоо аянтында жайгашкан Курманжан Датканын эстелигинин жанында салттуу кимчи фестивалы болуп өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Элчилиги тарабынан Бишкек шаардык мэриясынын көмөгү менен уюштурулду. Бул тууралуу калаа мэриясынан маалымдашты.
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Рахат Мусаева, Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Укуктуу Элчиси Ким Квангдже, дипломатиялык корпустун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, корей диаспорасынын өкүлдөрү, ошондой эле шаардын турндары жана коноктору катышты.
Ачылыш азеmинде сөз сүйлөгөн вице-мэр Рахат Мусаева мындай маданий иш-чаралар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөдө чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
Ал кимчи фестивалы борбор калаанын турндарын бириктирип, корей элинин улуттук салттары жана маданияты менен жакындан таанышууга шарт түзгөн жакшы салтка айланганын баса белгиледи.
Фестивалдын алкагында коноктор корей улуттук ашканасынын эң белгилүү тамактарынын бири болгон кимчи даярдоо салттары жана Корея Республикасынын маданий мурастары менен таанышышты.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү