Жашы жете электерге электр самокатын ижарага берүүгө тыюу салуу сунушталды
Zobolo — Кыргызстанда балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жашы жете электерге электр самокаттарын ижарага берүүгө тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун бир нече депутат демилгеледи.
Документке ылайык, эгер жеке жак самокатты же гироскутерди 18 жашка толо элек балдарга ижарага берсе — 20 миң сом, ал эми юридикалык жак (компания) мындай мыйзам бузууга жол берсе — 55 миң сом көлөмүндө айыпка жыгылат.
Негизги талаптар:
-
Ижарага берүү кызматы кардардын өздүгүн паспорт же башка ырастоочу документ (анын ичинде санариптик форматта) аркылуу милдеттүү түрдө текшерүүгө тийиш.
-
Жеке маалыматтар колдонуучунун макулдугу менен гана иштетилет.
Демилгечилердин айтымында, акыркы жылдары мобилдик тиркемелер аркылуу электр самокаттарын ижарага берүү бизнеси өнүгүп, аны менен катар балдар жана өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктары да кескин көбөйдү. Бул чектөөлөр өспүрүмдөрдүн өмүрүн жана ден соолугун коргоого, ошондой эле шаар көчөлөрүндө жана тротуарларда жол кыймылынын коопсуздугун жөнгө салууга багытталган.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү