21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Фотогалерея · 4 Кыргызстанда журналисттер жана блогерлер үчүн тренинг өткөрүлдү

Кыргызстанда журналисттер жана блогерлер үчүн тренинг өткөрүлдү

• 1 мүнөт окуу • 222 көрүү

Zobolo — 17-ноябрда КР Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин Катчылыгы жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн атайын тренинг уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты журналисттердин, блогерлердин жана балдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, медиасабаттуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү темаларын кесиптик этиканын негизинде сапаттуу чагылдыруу көндүмдөрүн жогорулатуу.

Тренингдин жүрүшүндө медиа чөйрөсүндөгү этикалык ченемдер, сотко чейинки талаш-тартыштарды медиация аркылуу жөнгө салуу механизмдери жана социалдык маанидеги маселелерди чагылдырууда жоопкерчиликти күчөтүү маселелери талкууланды. Иш-чаранын соңунда Башкы прокуратура менен биргеликте медиа-сыйлык уюштуруу жана медиа чөйрөсүндө ак ниеттүүлүк принциптерин бекемдөөчү декларация кабыл алуу демилгеси көтөрүлдү.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар