Кыргызстанда январь-октябрь айларында инфляция 8,8 пайызды түздү
Zobolo — Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында керектөө баалары жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи былтыркы жылдын декабрына салыштырмалуу 8,8 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Билдирмегем ылайык, азык-түлүк жана суусундуктар 7,7 пайызга, ичимдик жана тамеки 8 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар 7,6 пайызга кымбаттаган.
Ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын баасы 12,2 пайызга өскөн.Аймактар боюнча баанын эң жогорку өсүшү Ош облусунда катталып, 17,1 пайызды түзгөн. Бул жерде азык-түлүк 11,4 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар 13 пайызга, кызмат көрсөтүүлөр 29,5 пайызга кымбаттаган.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Бишкекте Токомбаев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде оңго бурулууга уруксат берилди
Zobolo
81
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү