Москвадан башталган афера: Унаа алып берем деп таанышын алдаган шектүү кармалды
Zobolo — Бишкекте таанышын өзгөчө ири өлчөмдөгү акчага алдап кеткен деп шектелген жаран кармалганын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-ноябрда милицияга арыз менен кайрылган жаран Б.А.Э. аттуу киши алдамчылык жолу менен чоң суммадагы акчасын алып кеткенин айтып, чара көрүүнү суранган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.
2022-жылы арыз ээси Москва шаарында жүргөн Б.А.Э. аттуу жаран менен оозеки макулдашып, тогуз даана унаа алдырмай болот. Бирок ал акчасын салганы менен товарын ала алган эмес, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 37 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда келтирилген зыяндын толук өлчөмү такталып жатат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү