35 жаштагы ишкер кайрадан шайлоого аттанды
Zobolo — Ишкер Акай Кыдыров Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырган төртүнчү адам болду. Анын жашы 35те.
Ал өткөн жылы №19 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкерлигин койгон, бирок депутат болуп шайланган эмес.
Маалыматка ылайык, Акай Кыдыров үч баланын атасы, кесиби боюнча дипломат. Ал буга чейин бир нече жыл япон компанияларын башкарып, ал эми соңку жылдары логистикалык фирманы жетектеп келе жатат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
2027-жылдагы президенттик шайлоо: Чет өлкөлөрдө 96 добушкана ачылышы мүмкүн
Zobolo
104
•1 мүнөт окуу
Ильгиз Сыдыгалиев «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын башчысы кызматынан бошотулду
Zobolo
2 300
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү