Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин жардамчысы айыпка жыгылды
Zobolo — Ош шаарында жол кыймылынын эрежелерин көзөмөлдөө боюнча жүргүзүлгөн рейд учурунда милиция кызматкерлери алдыңкы айнектери мыйзамсыз караңгылатылган (тонировка) Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны токтотушту. Маалым болгондой, унаанын рулунда Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин жардамчысы отурган.
Кызматкер өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, унаасынын алдыңкы айнегиндеги караңгылатуучу пленканы ордунда эле сыйрып салды.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү