7-8 нике жана коомдук талкуу: Өктөмхан Абдувалиева жеке жашоосу боюнча үн катты
Zobolo — Дин өкүлү Өктөмхан Абдувалиева соңку күндөрү коомчулукта кызуу талкууга түшкөн видеосуна байланыштуу айтылган сын-пикирлерге жооп кайтарды.
Ал жергиликтүү маалымат каражаттарына берген кыска маегинде талаш жараткан видео бир ай мурда тартылып, интернетке ошол учурда эле жарыяланганын сөз кылды.
Негизи бул видео бир ай мурда тартылып, интернетке жарыяланган. Азыркы окуяларга таптакыр тиешеси жок, - деген ал өз сөзүндө.
Муну менен катар дин өкүлү Абдувалиева жеке жашоосуна байланыштуу сындарга да токтолуп өткөн.
Мени 7-8 жолу күйөөгө тийди деп сындап жатышат. Мен канча күйөөгө тийем, ал өзүмдүн ишим. Ар бир адамдын жеке чек арасы болот, аны бузуп кирүүгө эч кимдин акысы жок, - деди дин өкүлү.
Ошондой эле ал дарегине айтылган айрым сындарды ичи тардык менен байланыштырган.
Ириңдүү денеден чириген сөз чыгат дегендей, ушунчалык ичи тар адамдар бар экен, - деп кошумчалаган Абдувалиева.
Айта кетсек, соңку күндөрү коомчулукта аты аталган дин өкүлүнүн үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу айткан кеңештери кызуу талкууланып, айрым коомдук ишмерлер менен интернет колдонуучулар тарабынан катуу сынга алынууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү