4 Ноябрь Бишкек +11°
Курстар USD 87.45 -0,00% EUR 97.89 -0,02% RUB 1.07 -0,58% KZT 0.1932 +0,14%
Соңку билдирүүлөр
Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиев: Элден тизелеп кечирим суроого даярмын

Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиев: Элден тизелеп кечирим суроого даярмын

• 1 мүнөт окуу • 128 көрүү

Zobolo — Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев атасынын дүкөнү боюнча коомчулукта кызуу талкуу жараткан маселеге түшүндүрмө берди. Анын айтымында, Пишпек конушундагы Тойгонбаев көчөсүндө жайгашкан дүкөн атасына 2001-жылдан бери таандык. Жер тилкеси жеке менчик экенин, ал эми дүкөндүн тепкичи турган 8 чарчы метр жер гана ижарага алынганын билдирди.

Вице-мэр мэрияда иштеген мезгилинде муниципалдык жерлерди туугандарына же досторуна мыйзамсыз берген эместигин кескин түрдө четке какты. Учурда бул факты боюнча укук коргоо органдары тарабынан текшерүү иштери жүрүп жатат.

Эгер бир сантиметр жерди жакындарыма мыйзамсыз бергеним далилденсе, мыйзам алдында жооп берүүгө жана элден тизелеп кечирим суроого даярмын, — деди вице-мэр.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар