Жасалма интеллект жана алдамчылыктын жаңы ыкмалары: ИИМ башчысы Астанада маанилүү билдирүү жасады
Zobolo — 2026-жылдын 4-5-ноябрь күндөрү Казакстан Республикасынын Астана шаарында киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерине арналган масштабдуу эл аралык конференция өтүүдө. Иш-чарага 27 мамлекеттин өкүлдөрү катышып, заманбап санариптик коркунучтарга каршы туруу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жолдорун талкуулашууда. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын делегациясын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков жетектеп барды.
Конференцияда сөз сүйлөгөн министр киберкылмыштуулук тынымсыз өзгөрүп, татаал уюштуруучулук мүнөзгө ээ болуп жатканын белгиледи. Ал жасалма интеллект (ИИ) технологияларынын өнүгүшү менен байланышкан жаңы чакырыктарга, атап айтканда, жасалма үндөргө, жалган билдирүүлөргө жана ойдон чыгарылган инвестициялык сунуштарга өзгөчө токтолду.
Улан Ниязбеков мындай кылмыштарга каршы туруу үчүн комплекстүү мамиле зарылдыгын, анын ичинде калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, укук коргоо органдарынын, банктардын жана байланыш операторлорунун өз ара ыкчам аракеттенүүсү, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен маалымат алмашуу маанилүү экенин баса белгиледи.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү