21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Фотогалерея · 4 Чаткалда кылмыштуу топту калкалаган район башчыларынын сыры ачылып, камакка алынышты

Чаткалда кылмыштуу топту калкалаган район башчыларынын сыры ачылып, камакка алынышты

• 1 мүнөт окуу • 345 көрүү

Zobolo — ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө. Анда аныкталгандай, 2026-жылдын ноябрь айынын башынан бери бир топ адамдар алдын ала сүйлөшүп алышып, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Куру-Тегерек» тилкесинде кен казуу лицензиясы жана тиешелүү уруксат кагаздары жок эле алтын казып келишкен. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Алар оор техникаларды (фронталдык погрузчик, насос жана жуугуч жабдууларды) колдонуп, мыйзамсыз казылып алынган алтынды сатуудан түшкөн миллиондогон каражатты жашырууга аракет кылышкан. Андан тышкары, түшкөн акчанын бир бөлүгү бул мыйзамсыз ишмердүүлүктү калкалоо үчүн райондун акимине жана РИИБ начальнигине которулуп турганы маалым болду.

ИИМдин маалыматы боюнча, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында төмөнкү жарандар кармалып, камакка алынды:

  • Чаткал районунун акими С.А. (1975-жылы туулган);

  • Чаткал районунун РИИБ начальниги Т.Т. (1972-жылы туулган);

  • Э.А. (1988-жылы туулган);

  • Ж.З. (1979-жылы туулган).

Учурда шектүүлөргө карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, баардык тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылууда.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар