21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Аскат Алагозов аферисттер анын атын жамынып, акча опузалап жатканын билдирди

Аскат Алагозов аферисттер анын атын жамынып, акча опузалап жатканын билдирди

• 1 мүнөт окуу • 698 көрүү

Zobolo — Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу анын атын жамынган алдамчылар тууралуу билдирүү таратты.

Анын айтымында, акыркы убакта белгисиз адамдар акимдерге, мэрлерге жана башка жетекчилерге чалып же WhatsApp аркылуу кайрылып, ар кандай маселелерди чечип берүүнү убада кылып, ал тургай акча талап кылууда.

Баса белгилеп кетейин: мен кадрдык дайындоолорго, кызматтык жана чарбалык маселелерге кийлигишпейм. Мен эч кимге "тигиндей же мындай кызматка дайындайм", "башка жумушка котороом" деп убада бербейм жана эч кимден акча талап кылбайм. Менин атымдан чалып же жазгандарга ишенбеңиздер! Булар алдамчылар жана аферисттер. Сак болуңуздар! — деп жазды Алагозов.

Ошондой эле ал бул факт боюнча тиешелүү маалымат укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар