21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Бактыбек Калмаматов күтүлбөгөн чечим кабыл алды

Бактыбек Калмаматов күтүлбөгөн чечим кабыл алды

• 1 мүнөт окуу • 46 көрүү

Zobolo — Саясатчы Бактыбек Калмаматов президенттик шайлоого талапкер болуу ниети менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) расмий арыз тапшырды. Бул тууралуу БШК бүгүн, 11-ноябрда маалымат таратты.

Бул кадам менен Бактыбек Калмаматов жогорку мамлекеттик кызматка талапкерлигин көрсөтүү үчүн кайрылган жетинчи жаран болуп калды.

Айта кетсек, 42 жаштагы саясатчы 2021-жылы өткөн президенттик шайлоого да катышкан. Ошондой эле ошол эле жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого «Азаттык» саясий партиясынын катарында катышкан тажрыйбасы бар.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар