Бактыбека Молдалиев соцтармактагы репост үчүн 3 жылга эркинен ажыратылды
Zobolo — Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту бүгүн Бактыбек Молдалиевди «Kloop» басылмасынын экстремисттик деп таанылган материалдарын таратуу ишмердүүлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыратканын укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.
Анын айтымында, соттун өкүмүн судья Б. Алибаев чыгарды. Укук коргоочу соттун чечимин сындап, айыптоо толугу менен бир гана лингвист-эксперттин корутундусуна негизделгенин, бул адамды күнөөлүү деп табууга жетишсиз экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде соттолгондун жубайы Эльвира Жусупова жолдошу өкүм менен макул эместигин жана Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрыларын журналисттерге билдирди.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Чүйдө кум-шагыл казган ишкерден 100 миң доллар опузалап талап кылган эки шектүү кармалды
Zobolo
230
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү