Дыйкандарга 50 миң долларга чейин пайызсыз насыя берилет
Zobolo — Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда Кыргызстан менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун (IFAD) ортосундагы «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү — 3» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.
Долбоордун каржылоо булактары: Долбоордун жалпы суммасы 21,4 млн долларды түзөт:
-
16,8 млн доллар — 50 жылга берилүүчү жеңилдетилген насыя (10 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен, жылдык тейлөө акысы 0,1%);
-
4,2 млн доллар — 40 жылга берилүүчү насыя (10 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен, жылдык комиссиясы 0,75%);
-
0,4 млн доллар — Кыргызстандын салымы;
-
2,5 млн доллар — долбоордун катышуучуларынын болжолдуу салымы.
Каражат жумшалуучу негизги үч багыт:
-
Жайыттарды жана токой чарбасын өнүктүрүү: 230 айыл өкмөтүнүн ичинен 100 айыл өкмөтү тандалып алынып, ар бирине 100 миң доллардан бөлүнөт (анын 70 миңи жайыттарды өнүктүрүүгө, 30 миңи социалдык-экономикалык пландарга жумшалат). Ал үчүн ар бир айыл өкмөт 25 миң доллар өздүк салым кошушу шарт. Муну менен катар, 41 токой чарбасынын ар бирине 35 миң доллардан берилет.
-
Ветеринария жана фитосанитария: 10 ветеринардык жана 10 фитосанитардык лаборатория толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалат. Мындан тышкары, 500дөн ашык жеке ветеринар окутулат.
-
Насыялоо фонду: Айыл чарба министрлигинин алдында 2,8 млн долларлык атайын фонд түзүлөт. Андан банктардан насыя ала албаган дыйкандарга, аялдарга жана жаш ишкерлерге 50 миң долларга чейин пайызсыз, кайтарымдуу каражат берилет.
Министрликтин маалыматы жана депутаттардын сыны: Талкуу учурунда айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеев 2026-жылы айыл чарба тармагында 3%дан 6%га чейинки чен менен 8 мамлекеттик программа иштеп жатканын, анын алкагында болжол менен 11 миң фермер жана кайра иштетүүчү жалпы 13 млрд сомдун тегерегинде насыя алганын маалымдады. Анын айтымында, 500 миң сомго чейинки насыялар эч кандай күрөөсүз берилет. Ошондой эле министрдин орун басары жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында өкмөт сырттан ташылып келүүчү кумшекерге алты айга, ал эми алма менен картошканын импортуна февраль айына чейин убактылуу чектөө киргизгенин кабарлады.
Өз кезегинде депутат Гуля Кожокулова министрликтин аймактардагы түшүндүрүү иштери жетишсиз экенин сынга алды.
Аймактардагы жашоочулардын көбү жеңилдетилген насыяларды ала албай жатышат. Министрликте миңдеген кызматкер иштейт, бирок элде маалымат жок. Парламентте сиздердин мекеме алган гранттар менен насыялардын сарпталышы, каражаттын чоң бөлүгү консультанттарга эле кетип жаткан жокпу деген маселени текшерүү боюнча комиссия түзүлүшү мүмкүн, — деди ал.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү