21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Садыр Жапаров Ысык-Көл тургундары менен жолугушууда эмнелерди убада кылды?

Садыр Жапаров Ысык-Көл тургундары менен жолугушууда эмнелерди убада кылды?

• 1 мүнөт окуу • 114 көрүү

Zobolo — Президент Садыр Жапаров 13-ноябрда Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу «Ынтымак Ордодон» билдиришти.

Жолугушууда жарандар ичүүчү суу, сугат каналдары, темир жол бутагын жана тоо ашуусуна жол куруу, ипотека, жер талаштары, ошондой эле экосистеманы сактоо, спорт жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарт түзүү сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Мындан тышкары, мунапыс, алдамчылык фактылары жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү боюнча да кайрылуулар жасалды.

Тургундардын бири уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү басаңдатпоого чакырганда, Президент ОПГга каршы күрөш мындан ары дагы күчөтүлөрүн баса белгилеп, күч түзүмдөрүнө жана сот органдарына тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мамлекет башчысы коопсуздуктун жакшырганы туристтер менен инвестициянын агымын арттырганын айтып, баардык көтөрүлгөн маселелерди мыйзам чегинде тыкыр карап чыгууну жетекчилерге милдеттендирди.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар