21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Бишкекте унааларын каалаган жерге токтоткондор айып пулга жыгылышууда

Бишкекте унааларын каалаган жерге токтоткондор айып пулга жыгылышууда

• 1 мүнөт окуу • 106 көрүү

Zobolo — Баш калаанын Биринчи Май районунда Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери жана муниципалдык администрация биргеликте жол кыймылынын эрежелерин көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө унааларын туура эмес жерге токтоткон айдоочуларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 14 административдик протокол түзүлүп, тиешелүү айып пулдар салынды.

Мындан тышкары, ээси аныкталбаган 5 автоунаа айып короого киргизилди. Мэрия шаар тургундарын жана конокторун жол кыймылынын эрежелерин сактоого, унааларды атайын белгиленген гана жерлерге токтотууга чакырды.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар