21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Министрлер кабинети макулатураны экспорттоого жарым жылга тыюу салууну сунуштады

Министрлер кабинети макулатураны экспорттоого жарым жылга тыюу салууну сунуштады

• 1 мүнөт окуу • 165 көрүү

Zobolo — Кыргызстанда ата мекендик ишканаларды чийки зат менен камсыз кылуу жана өндүрүштү колдоо максатында кагаз жана картон калдыктарын ЕАЭБ аймагынан сыртка чыгарууга 6 айлык чектөө киргизүү каралууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, мурдагы экспортко тыюу салган токтом күчүн жоготот, бирок жаңы эреже боюнча чектөө Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан тышкары чыгарууга гана тиешелүү болот.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдөгү макулатураны кайра иштетүүчү ишканалар чийки заттын кескин жетишсиздигинен улам өз кубаттуулугунун 30-40 пайызын гана колдонушууда. Бул көйгөй ишканалардын ишин токтотуп, жумуш орундарынын кыскарышына жана бюджетке түшүүчү салыктын азайышына коркунуч жаратууда.

Расмий маалыматка таянсак, агымдагы жылдын сегиз айында эле өлкөгө 5,1 миң тонна макулатура импорттолгон (былтыр бул көрсөткүч 6,8 миң тоннаны түзгөн).

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар