Кагаздагы бир макала империяларды кантип кулатып, муундарды кантип сактап калган? Журналисттер качан, кайдан жаралган?
Адамзат жаңылыкты качан тарата баштаган? Дүйнөдөгү алгачкы гезит кайсы жерде чыккан? Кыргыз басма сөзүнүн тарыхы эмнеден башталат? Маалымат жана басма сөз күнүнө карата тарых барактарына кайрылып көрдүк.
Zobolo — Бүгүн, 7-ноябрда Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат. Бул дата жөн гана журналисттердин кесиптик майрамы эмес, улуттук басма сөздүн жаралышын, маалымат таратуу маданиятынын калыптанышын эске салган тарыхый күн болуп саналат. Аткен менен гезит, журналистика жана маалымат таратуу тарыхы 1924-жылдан алда канча мурда башталган. Адамзат жаңылыкка, маалыматка жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардан кабардар болууга дайыма муктаж болгон.
Жаңылыкты таратуу гезиттен башталган эмес
Басма сөз пайда болгонго чейин адамдар маалыматты оозеки, кат аркылуу, жарчылар аркылуу жана кол жазма баракчалар аркылуу таратышкан.

Байыркы Римде коомдук маанидеги кабарлар атайын такталарга жазылып, эл көп чогулган жерлерге илинген. Алардын ичинен биздин заманга чейинки 59-жылы Юлий Цезардын демилгеси менен жарыялана баштаган «Acta Diurna» («Күндөлүк окуялар») өзгөчө белгилүү. Анда мамлекеттик чечимдер, соттук иштер, коомдук окуялар жана башка жаңылыктар жарыяланып турган.
Бул басылма азыркы маанидеги гезит же маалыматтык сайт болбосо да, коомчулукка маалыматты үзгүлтүксүз жеткирүүнүн алгачкы үлгүлөрүнүн бири болгон.
Дүйнөдөгү алгачкы гезит кайсы жерде чыккан?
Европада үзгүлтүксүз басылып турган гезиттердин тарыхы XVII (17) кылымдан (тагыраагы 1601-1700-жылдар аралыгында) башталат.
1605-жылы Германиянын Страсбург шаарында Иоганн Каролус «Relation» аттуу басылманы чыгара баштаган. Ал азыркы түшүнүктөгү алгачкы үзгүлтүксүз басылма гезиттердин бири катары тарыхта калган.
Ага чейин Европанын соода борборлорунда жаңылыктар кол жазма түрүндө таратылып келген. Каролустун өзгөчөлүгү маалыматтарды басма ыкмасы менен үзгүлтүксүз жарыялоого өтүшүндө болгон.
The Daily Courant басылмасыАл эми 1702-жылы (XVIII кылымда) Лондондо «The Daily Courant» гезити жарык көрүп, англис тилиндеги алгачкы күнүмдүк гезит катары белгилүү болгон. Аны чыгарган Элизабет Маллет аял киши болгондугу да басма сөз тарыхындагы кызыктуу фактылардын бири.
Гезиттердин өнүгүшүнө эмне түрткү берген?
Соода тармагынын кеңейиши, мамлекеттер аралык байланыштар, согуштар, саясий окуялар жана шаарлардын өсүшү маалыматка болгон муктаждыкты күчөткөн.
Адамдар товарлардын баасын, соода жолдорундагы кырдаалды, согуштардын жүрүшүн, бийликтин чечимдерин жана башка жаңылыктарды билүүгө кызыкдар болушуп, маалымат булактарынын өсүшүнө өбөлгө түзүшкөн. Ошентип, гезит бара-бара жөн гана маалымат таратуучу каражат эмес, коомдук пикирди калыптандыруучу күчкө айланган.
Кыргыз басма сөзүнүн тарыхы: «Эркин Тоонун» тарыхый орду
Кыргыз улуттук басма сөзүнүн тарыхы 1924-жылдын 7-ноябрынан (XX кылымда) башталат. Дал ушул күнү Ташкент шаарында кыргыз тилиндеги алгачкы улуттук гезит «Эркин Тоонун» биринчи саны жарык көргөн. Гезит араб графикасында басылып, алгачкы санынын нускасы 3000 даана болгон.
Бул кыргыз эли үчүн чоң тарыхый окуя эле. Анткени ага чейин маалымат жана агартуу иштери негизинен оозеки түрдө жүргүзүлүп, кыргыз тилиндеги туруктуу улуттук гезит болгон эмес.
«Эркин Тоонун» алгачкы сандарын даярдоо оңой болгон эмес. Ал кезде атайын журналисттик билими жана тажрыйбасы бар кыргыз адистери жетишсиз болчу. Ошондуктан гезитти чыгарууга студенттер, адабиятка шыктуу жаштар жана билимдүү кызматкерлер тартылган.
Анын биринчи редактору Осмонкул Алиев болгон. Жооптуу катчылыгына Сыдык Карачев дайындалып, алгачкы редакцияда Кусеин Карасаев, Мустафа Акматов сыяктуу инсандар да эмгектенишкен.
Гезиттин биринчи санына Аалы Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» аттуу ыры жарыяланган. Бул окуя кыргыз жазма адабиятынын жана улуттук журналистиканын өнүгүшүндө да маанилүү орунду ээлейт.
Кийин «Эркин Тоо» гезитинин аталышы бир нече жолу өзгөргөн. 1927-жылы «Кызыл Кыргызстан», кийин «Советтик Кыргызстан» деп аталып, 1991-жылдан тартып «Кыргыз Туусу» деген аталышка ээ болгон.
Маалымат жана басма сөз күнү эмне үчүн 7-ноябрда белгиленет?
Кыргызстанда 7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнү катары белгилениши да тарыхый датага байланыштуу.
1993-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №527 токтому менен 7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнү болуп белгиленген.
Бул дата 1924-жылдын 7-ноябрында «Эркин Тоо» гезитинин биринчи саны жарык көргөн күнгө байланыштуу тандалган. Ошентип, улуттук басма сөздүн жаралган күнү көз карандысыз Кыргызстандын журналисттери менен басма сөз кызматкерлеринин кесиптик майрамына айланган.
Кагаз гезиттен санариптик журналистикага чейин
Бир кезде жаңылыкты окурманга жеткирүү үчүн журналист макала жазып, терүүчү ар бир тамганы өз-өзүнчө тизип, корректор текстти текшерип, басмакана кызматкерлери миңдеген нуска чыгарышчу. Гезит окурмандын колуна тийгенге чейин бир топ эмгек жумшалчу.
Бүгүн технология бул процессти түп-тамырынан өзгөрттү. Маалымат сайттары, социалдык тармактар, мобилдик тиркемелер жана жасалма интеллект журналистиканын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачты.

Бирок технология канчалык өнүкпөсүн, журналистиканын негизги милдети өзгөргөн жок. Ал — чындыкты издөө, маалыматты текшерүү, коомго так жана объективдүү кабар жеткирүү.
Азыркы маалымат агымында кабарды биринчи жарыялоо гана эмес, анын чын-төгүнүн аныктоо, жалган маалыматтан ажыратуу жана коомчулукка жоопкерчилик менен жеткирүү өзгөчө мааниге ээ болуп калды.
Журналисттин эң чоң байлыгы — ишеним
"Журналистика" — жөн гана кесип эмес. Бул коом алдындагы жоопкерчилик.
Журналист бийликтин ишин коомго жеткирет, көйгөйдү көтөрөт, карапайым адамдын үнүн угузат, тарыхый окуяларды каттайт. Кээде бир макала адамдын тагдырын өзгөртсө, кээде коомдук маселеге көңүл бурууга түрткү берет.
Кагаз гезиттердин доору өзгөрүп, маалымат сайттарынын саны көбөйүп, жаңылыктар секунд сайын жаңыланып жаткан учурда да журналисттин абийири, кесипкөйлүгү жана чынчылдыгы башкы орунда калууга тийиш.
Анткени маалыматтын ылдамдыгы эмес, анын ишенимдүүлүгү коом үчүн баалуу.
Маалымат жана басма сөз күнү кут болсун!
Калемин чындыкка сугарган, коомдун үнүн угузган, калыстыкты туу туткан баардык журналисттерге, редакторлорго, кабарчыларга, басмакана кызматкерлерине жана маалымат тармагында эмгектенген кесиптештерге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана калемиңиздердин курчтугун каалайбыз.
Журналисттин сөзү — бүгүнкү күндүн кабары гана эмес, кечээки жана эртеңки күндүн тарыхы.
Бүгүн Zobolo масс-медиасынын эмгек жамааты (Самара Босумбаева, Айчүрөк Кулназарова, Айдос Нурланов) Маалымат жана басма сөз күнүнө карата бир нече макалаларды сунуштайт. Андыктан, биздин масс-медиадан алыстабаңыздар!
Булак: Zobolo масс-медиасы
Макала жакса, төмөндө жайгашкан жактыруу (жүрөкчө) белгисин баса кетиңиз!
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү