Ала-Арчадагы трагедиянын артындагы жоопсуз суроолор...
Zobolo — Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15 жаштагы Амир Кунакуновдун өмүрү кыйылган окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзө баштады. Ведомство куткаруу операциясынын жүрүшүн жана ар бир кызматкердин аракетин текшерүүдө. Бул тууралуу ӨКМ министринин орун басары Алмазбек Асанов билдирди.
Анын айтымында, иликтөө министрликтин юридикалык жана тарбия бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлүп жатат.
Журналисттердин "Куткаруу операциясын жетектөөдө кемчиликтер аныкталса, жетекчилик жоопкерчилик тартууга даярбы?" деген суроосуна министрдин орун басары ведомство моралдык жоопкерчиликти сезерин айтып, эч нерсе жашырылбасын белгиледи.
Биз моралдык жактан өзүбүздүн күнөөбүздү сезебиз. Чалуу саат канчада келди, биздин балдар качан чыкты, качан жетип барды — баарын бурмалабай, так берип жатабыз, — деди Асанов.
Эске салсак, 15 жаштагы Амир Кунакунов 7-ноябрда Ала-Арчадагы жарышка катыша албай калып, Адыгене капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Кечинде ӨКМге чалып адашып калганын кабарлаган баланы эки күн бою куткаруучулар, ыктыярчылар, дрон жана тик учак издеп, кийин сөөгү жалама аскадан табылган. Буга чейин премьер-министр Адылбек Касымалиев окуянын чоо-жайын тыкыр текшерүүнү тапшырган эле.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү