21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Рустам Сакиевдин ити чөп жей баштады... Электр тармагын өздөштүрүп кете алабы?

Рустам Сакиевдин ити чөп жей баштады... Электр тармагын өздөштүрүп кете алабы?

• 1 мүнөт окуу • 298 көрүү

Zobolo — Рустам Сакиев «Кыргызстан улуттук электр тармагы» (КУЭТ) ААКсынын жетекчиси болуп дайындалды. Бүгүн ал компаниянын жамаатына тааныштырылды.

Тааныштыруу учурунда энергетика министринин орун басары жаңы жетекчиликтин алдында турган негизги милдеттерди белгиледи. Алардын катарында керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр кубаты менен камсыз кылуу, жылытуу мезгилинде аталган тармактын туруктуу иштешин камсыздоо жана тармактын башка артыкчылыктуу милдеттерин аткаруу бар.

Сакиев Кыргызстандын энергетика системасында 2011-жылдан бери эмгектенет.

КУЭТтин мурдагы жетекчиси Илгиз Сыдыгалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ноябрдын башында кызматынан кеткен.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар