21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Дастан Бекешев: Элдин пикирин сурабай каалаганыңарды кыла бересиңерби?

Дастан Бекешев: Элдин пикирин сурабай каалаганыңарды кыла бересиңерби?

• 1 мүнөт окуу • 194 көрүү

Zobolo — Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарынын башкы планына коомчулукка кабарланбай туруп өзгөртүүлөр киргизилгенин айтып, мэриянын ишмердүүлүгүн сынга алды.

Эл өкүлү шаар тургундары үйүнүн жанында кандай курулуш жүрөрүн алдын ала билүүгө толук укуктуу экенин баса белгиледи.

Башкы планды эки ай талкуулап, анан кабыл алып, жарыялап, эми тымызын өзгөртүү киргизгениңер кандай? Элдин пикирин сурабай эле каалаганыңарды кыла бергиле дегендей болуп жатат. Мындай болбошу керек, — деди депутат.

Өз кезегинде вице-мэр Муратбек Атай башкы планга киргизилген өзгөртүүлөр социалдык объектилерге гана байланыштуу экенин түшүндүрдү. Тактап айтканда, Өскөн-Ордо жаңы конушунда «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын кампаларын жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Вице-мэр маалымат жашыруун эмес экенин жана депутатка толук берилерин билдирди.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар