21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Бюджеттин акчасы шамалга сапырылдыбы? Адилет Белеков коңгуроо какты
Адилет Белеков

Бюджеттин акчасы шамалга сапырылдыбы? Адилет Белеков коңгуроо какты

• 1 мүнөт окуу • 675 көрүү

Zobolo — Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында «Ар кандай маселелер» бөлүмүнүн алкагында депутат Адилет Белеков Жумгал жана Кочкор райондорундагы турмуш-тиричиликке жана коопсуздукка түздөн-түз тиешеси бар олуттуу көйгөйлөрдү көтөрдү.

Эл өкүлү өзгөчө төмөнкү эки маселеге тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун көңүлүн бурду.

Депутат алгач Жумгал районунун Чаек айыл аймагына караштуу Ак-Татыр айылындагы Ногойбаев атындагы мектептин абалына токтолду. Курулушу 2018-жылы гана аяктаган мектептин ашканасынын дубалдары жарылып, пайдубалы жылып, полдору ажырап, учурда кооптуу абалга келгени окуучулар менен мугалимдердин коопсуздугуна чоң тынчсыздануу жаратып жатканын баса белгиледи.

Ошондой эле Кочкор райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун имаратынын абалы көтөрүлдү. 2010-жылы жеңил конструкция менен курулган бул имарат кышында жылуулукту сактай албай, чатырынан суу өтүп, натыйжада маанилүү лабораториялык жабдууларга коркунуч жаралып жатканын айтып, заманбап талаптарга жооп берген жаңы имарат куруу зарылдыгын талап кылды.

Депутат Адилет Белеков бул көйгөйлөрдү тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте көзөмөлгө алып, тез арада чечүү жолдору карала турганын кошумчалап өттү.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар