Президент Ысык-Көлдүн аймактарын кыдырып, кандай ири ийгиликтерге күбө болду?
Zobolo — Президент Садыр Жапаров 13-ноябрда Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Түп, Ак-Суу райондорунун жана Каракол шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу «Ынтымак Ордодон» билдиришти.
Маалыматка караганда, Түп районунда 55 жаңы ишкана ачылып, 128 социалдык объект курулган, ал эми Ак-Суу районунда «Ала-Тоо Резорт» комплекси сыяктуу ири долбоорлор колго алынып, туристтердин саны 8 эсеге өскөн. Каракол шаарында инвестиция көлөмү 9,5 миллиард долларга жеткирилип, жаңы аэропорт, мектептер, бала бакчалар жана жолдор курулуп, масштабдуу модернизация иштери жүргүзүлдү.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Алмамбет Шыкмаматов Казакстандын элчиси менен салык чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулады
Zobolo
178
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү