21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Камактагы Максат Кунакуновго Ала-Арчада каза болгон уулу менен коштошууга уруксат берилди

Камактагы Максат Кунакуновго Ала-Арчада каза болгон уулу менен коштошууга уруксат берилди

• 1 мүнөт окуу • 515 көрүү

Zobolo — Ала-Арча жаратылыш паркында тоңуп каза болгон 15 жаштагы Амирдин атасы, мурдагы экс-депутат Максат Кунакуновго уулунун сөөгү менен коштошууга расмий уруксат берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жактоочунун тиешелүү өтүнүчүнөн кийин тергөөчү аны канааттандырган.

Эске сала кетсек, каржылык талаш-тарыштар боюнча айыпталып камакта жаткан мурдагы экс-депутаттын жакындары буга чейин бийликке кайрылып, атасына баласы менен акыркы жолу коштошууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранышкан болчу.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар