Экс-мэр бүтүндөй өлкөнү башкарууга бел байлады
Zobolo — Мамлекеттик ишмер, Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Бакытбек Адылов президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырды. Бул тууралуу БШК кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал 11-ноябрда өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде арыз берген жана бул жогорку мамлекеттик кызматка талапкер болуу ниетин билдирген сегизинчи жаран болуп калды.
Бакытбек Адылов тууралуу қыскача маалымат:
-
Жашы: 44те.
-
Билими: 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган, эмгек жолун юрист болуп баштаган.
-
Эмгек жолу: 2008–2011-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысы, 2011–2012-жылдары Жалал-Абад шаарынын мэри кызматтарын аркалаган.
-
Башка кызматтар: 2015–2016-жылдары Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болгон. Ошондой эле «Туз-Бел-Таш» жана «Байэл-Премиум» компанияларын жетектеген.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү