«Эксперименттин» кесепетиби? Бишкектин бир району жылуулуксуз калды
Мэриянын райондорду ТЭЦтен котельныйларга өткөрүү чечиминен кийин шаар тургундары суук үйлөрдө калганын айтып даттанышууда.
Zobolo — Бишкек шаарынын 10-кичи районунун тургундары үйлөрүндө жылуулук жана ысык суу жок экенин айтып, нааразы болушууда.
Үйлөрүбүз муздак, тоңуп жатабыз. Мэрияга, «Бишкектеплоэнергого», акимге кайрылдык, бирок жыйынтык жок, — дешти тургундар.
Эске сала кетсек, буга чейин Бишкек мэриясы ТЭЦтин кызматтарынын бир бөлүгүн этап-этабы менен райондук котельныйларга өткөрө баштаганын жарыялаган. Шаар бийлиги Бишкек ТЭЦин камсыздоодо кескин өзгөрүүлөр болорун жана жергиликтүү котельныйлардын тармагын өнүктүрүүгө басым жасаларын билдирген эле.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Чүйдө кум-шагыл казган ишкерден 100 миң доллар опузалап талап кылган эки шектүү кармалды
Zobolo
230
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү