21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Эркин Исаков коркутуу жолу менен жеке ишкердин 1,5 миллион долларын алып, каматып койгонбу?
Эркин Исаков

Эркин Исаков коркутуу жолу менен жеке ишкердин 1,5 миллион долларын алып, каматып койгонбу?

• 1 мүнөт окуу • 980 көрүү

Zobolo — Бишкек шаарынын мурунку вице-мери Эркин Исаков жана анын жардамчысы Аманбаев жеке ишкерди алдоо жана коркутуу жолу менен 1,5 миллион доллар өлчөмүндөгү каражатын тартып алып, натыйжада аны камакка салууга жетишкен. Бул тууралуу блогер Болот Дүйшеналиевге кайрылган жеке ишкердин апасы Ырыскан аттуу жаран билдирди.

Анын айтымында, бул мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен үй-бүлө толугу менен баш калкалоочу жайсыз калган.

Президенттин артынан кууп жүрөм. Таласка, Кара-Балтага чейин бардым. Тилекке каршы, микрофон тийбей койду. Керек болсо, көлгө чейин барам. Бул тууралуу президентибиз Садыр Жапаровго айтышым керек. Уулум ак жеринен камалып, көптөн бери кыйналып жүрөт. Ал өзүнүн да, эжелеринин да үйүн сатып, Эркин Исаковго берген. Баарыбыз талаада калдык», — дейт Ырыскан апа.

Ошондой эле соттолуп жаткан жарандын эжесинин билдирүүсү боюнча, мурдагы кызмат адамдары өз кызматынын абалын кыянаттык менен пайдаланышкан.

Мэрлер өз кызмат абалынан пайдаланышып, тактап айтканда, Эркин Исаков инимден «Барселона» турак жай комплексинен 10 батир алган. Иним Чокморов айылын куруп жаткан, ошол жактан эки коттедж жана 300,000 доллар накталай акча алыптыр. Эсептеп келсек, инимден 1,5 миллион долларды коркутуп алып, каматып койгон», — деп кошумчалады ал.

Учурда бул чуулгандуу иш коомчулуктун катуу талкуусун жаратып, жабырлануучунун жакындары мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүнө алынышын жана адилеттүү иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылышууда.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар