Бишкектин борборунда көп кабаттуу имараттан өрт чыгып, 40 киши куткарылды
Zobolo — Бишкектин борборунда, Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуш объектисинде өрт чыкты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, от имараттын экинчи кабатындагы болжол менен 200 чарчы метр аянтты каптаган.
Окуя болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү расчет жана ыкчам штаб келип жетти. Имараттан 40 адам коопсуз жерге чыгарылды.
Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Өрт саат 19:37де толугу менен өчүрүлдү.
Өрттүн келип чыгуу себептери жана жагдайлары такталууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Чүйдө кум-шагыл казган ишкерден 100 миң доллар опузалап талап кылган эки шектүү кармалды
Zobolo
230
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү