Форс-мажор же кызматтык шалаакылык: Ташиев ӨКМ башчысынын аракетине кандай баа берди?
Zobolo — УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев "Ала-Арча" улуттук паркында каза болгон 15 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министри жоопкерчиликке тартылышы керектигин билдирди. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов жазып чыкты.
Ташиевдин айтымында, министр адамдын оор абалда экени тууралуу маалымат түшкөндөн кийин жогору жактан буйрук күтпөй, өзү окуя болгон жерге барып, куткаруу операциясын жеке көзөмөлүнө алышы керек эле.
Эгер азыркы Өзгөчө кырдаалдар министри ушул кадамдардын баарын жасап, бирок адамды сактап калуу мүмкүн болбой калса, анда бул форс-мажор деп эсептелмек. Ал эми башкача аракет кылган болсо, адам өмүрүн сактап кала албаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек, — деген Ташиев.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү