21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Гуля Кожокулова Бишкекте электросамокат жана мопеддерге тыюу салууну же чектөөнү талап кылды

Гуля Кожокулова Бишкекте электросамокат жана мопеддерге тыюу салууну же чектөөнү талап кылды

• 1 мүнөт окуу • 592 көрүү

Zobolo — Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова борбор калаада электросамокат, скутер жана мопеддердин жүрүшүнө кескин чектөө киргизүүнү же толук тыюу салууну карап чыгууга чакырды.

Эл өкүлү шаар бийлигинен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чечкиндүү чараларды талап кылды.

Депутаттын айтымында, Бишкекте жөө адамдарды электросамокат жана мототранспорт сүзүп кеткен учурлар көбөйүп, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч жаралууда. Жөө жүргүнчүлөр атүгүл тротуарларда да тынч баса албай калганын белгилеген эл өкүлү: «Бишкек — мамлекеттин борбору. Ал адамдар үчүнбү же автоунаалар, мопеддер менен скутерлер үчүнбү?» — деп суроо салды.

Ошондой эле ал «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамда зарыл учурда жергиликтүү бийлик жана министрлер кабинети транспорт кыймылына чектөө киргизе алары так жазылганын эске салып, жооптуу жетекчилерди бул маселени тез арада чечүүгө чакырды.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар