21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Ала-Арчада дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы өспүрүмдү тик учак менен издемей болушту

Ала-Арчада дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы өспүрүмдү тик учак менен издемей болушту

• 1 мүнөт окуу • 488 көрүү

Zobolo — Ала-Арча улуттук жаратылыш паркында дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Амирди издөө иштерине тик учак тартыларын президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев онлайн-жыйын өткөрүп, издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Айта кетсек, өспүрүм 7-ноябрда саат 07:00 чамасында үйүнөн чыгып, Ала-Арчада өтө турган чуркоо мелдешине катышуу үчүн барган. Бирок жаш курагы жетпегендиктен аны мелдешке катыштырбай коюшкан соң ал Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз багыт алган. Болжол менен саат 19:00–20:00дөр аралыгында ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине байланышка чыгып, адашып калганын билдирген, андан кийин байланыш үзүлгөн.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар