21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Жогорку Кеңештин комитети жашыл аймактарды коргоону күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңештин комитети жашыл аймактарды коргоону күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

• 1 мүнөт окуу • 215 көрүү

Zobolo — Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында «Жашыл бак-дарактарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы кабарлады.

Демилгечи депутаттар Дастан Бекешев, Улукбек Карыбек уулу, Жаныбек Абиров жана Умбеталы Кыдыралиев. Документте калктуу конуштардагы жашыл аймактарды коргоону күчөтүү, парктардын аянтын кыскартууга тыюу салуу, бак-дарактарды мыйзамсыз кыюунун алдын алуу жана жоопкерчиликти күчөтүү каралган. Ошондой эле ар бир кыйылган дарактын ордуна беш көчөт отургузуп, аларды үч жыл бою багуу, санариптик эсепке алуу жана ачык электрондук реестр түзүү ченемдери сунушталууда.

Талкуу маалында депутаттар Нилуфар Алимжанова менен Алишер Козуев жергиликтүү климаттык шарттарга ыңгайлашкан көчөттөрдү отургузуу жана алардын сакталышын камсыз кылуу жоопкерчилигин так белгилөө маанилүү экенин белгилешти.

Жыйында ошондой эле Министрлер Кабинети демилгелеген «Экологиялык экспертиза жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор үчүнчү окууда колдоо тапты.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар