Ала-Арчадагы трагедиядан кийин ким кандай жазаланды? Тизме
Zobolo — 15 жаштагы Амир Кунакуновдун Ала-Арча улуттук жаратылыш паркында каза болуу жагдайлары боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы чыгып, өлкө жетекчилиги тарабынан катуу кадрдык жана тартиптик чечимдер кабыл алынды.
Президенттин Администрациясы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү куткаруу иш-чараларын уюштурууда, маалыматты өз убагында жеткирүүдө жана ведомстволук контролдо олуттуу кемчиликтер бар экенин аныктады.
Кабыл алынган кадрдык жана тартиптик чаралар:
-
Канат Чыныбаев — Өзгөчө кырдаалдар министрине ишти уюштурууда кетирилген кемчиликтери үчүн катуу сөгүш жарыяланды;
-
Алмазбек Асанов — ӨКМ министринин орун басары ээлеген кызмат ордунан бошотулду;
-
Азис Эгембердиев — ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы кызматтан алынды;
-
Тынарбек Мурашов — ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борборунун башчысы да ээлеген кызматынан бошотулду.
Кылмыш иши козголду
Тартиптик жазалар менен катар бул окуяга укуктук баа бериле баштады. Аскер прокуратурасы тарабынан шалаакылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштеринин алкагында куткаруучулардын аракети, маалыматтын кечигип жеткени жана жооптуу адамдардын жоопкерчилиги толук изилденмекчи.
Өлкө жетекчилиги мындай трагедиялардын кайталанбашы үчүн ыкчам чара көрүү системасын өркүндөтүү, тоолуу аймактарда байланышты күчөтүү жана куткаруу кызматтарынын ишин жакшыртуу боюнча министрликке катуу тапшырмаларды берди.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү