Ошто милицияны ким чөгөлөттү?
Zobolo — Ош шаарында патрулдук милиционердин эркек кишинин алдында чөгөлөп кечирим сурап жаткан видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жаратты.
Маалыматка ылайык, окуя буга чейин, тагыраак айтканда, 9-октябрда болгон. Патрулдук милиция кызматкерлери техникалык паспорту жок айдоочуну токтотушкан. Машинаны айып короого токтотуу маалында чыр чыккан.
Милиционер эмне себептен чөгөлөп калганы, анын маңдайында ким турганы жана аны кимдир бирөө мажбурлаганбы же жокпу азырынча белгисиз.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча иликтөө баштап, тараптардын аракеттерине укуктук баа берилерин убада кылды.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Чүйдө кум-шагыл казган ишкерден 100 миң доллар опузалап талап кылган эки шектүү кармалды
Zobolo
230
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү