21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Биз миллионербиз! Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектелген аял кармалды

Биз миллионербиз! Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектелген аял кармалды

• 1 мүнөт окуу • 1 287 көрүү

Zobolo — Бишкекте BITEVOLUTION компаниясына байланыштуу каржы пирамидасын уюштурууга шектелген 62 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир нече жаран аталган компаниянын уюштуруучуларына чара көрүүнү өтүнүп милицияга кайрылышкан. Арыз ээлеринин айтымында, компания өкүлдөрү акчаларын эки эселеп кайтарып берүүнү жана жогорку киреше табууну убадалап, кийин милдеттенмелерин аткарбай из жашырган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси («Каржы пирамидаларын уюштуруу») менен иш козголуп, шектүү катары К.Г. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда ишке тиешеси бар башка адамдар изделүүдө. Жабыркагандар +996 505 131 113 же 102 номерине кайрылса болот.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар