Кыргызстан визасыз режим киргизилүүчү өлкөлөрдүн тизмесин 18 мамлекетке кеңейтүүнү көздөөдө
Zobolo — Кыргызстан өлкөгө визасыз кире алган мамлекеттердин тизмесин дагы 18 өлкө менен толуктоону пландаштырууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Тизмеге төмөнкү мамлекеттер киргизилмекчи:
-
Индонезия, Филиппин, Иордания, Марокко, Түштүк Африка Республикасы (ТАР), Венесуэла, Непал, Тунис, Колумбия, Доминикан Республикасы, Коста-Рика, Эквадор, Перу, Панама, Сейшел аралдары, Гватемала, Тринидад жана Тобаго, Ямайка.
Мындан тышкары, буга чейин визасыз режим каралган мамлекеттердин жарандары үчүн Кыргызстанда визасыз жүрүү мөөнөтү 30 күндөн 60 күнгө чейин узартылат. Башкача айтканда, алар өлкөгө келгенден тартып ар бир 120 күндүн ичинде жалпысынан 60 күн визасыз боло алышат.
Документте бул өзгөртүүлөр чет өлкөлүк туристтерди көбүрөөк тартууга жана өлкөнүн туристтик потенциалын арттырууга багытталганы айтылат. Атап айтканда, бийик тоолуу аймактарга 45–60 күнгө созулган альпинисттик экспедициялар менен келген туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максаты көздөлүүдө.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү