«Кыргызтест» жаңы имаратка көчүрүлөт
Zobolo — Оңдоо иштери аяктагандан кийин «Кыргызтест» мекемеси жаңы имаратка көчүрүлөт. Бул тууралуу 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев билдирди.
Мекеме үчүн жай маселесин депутат Токтобүбү Ашымбаева көтөрдү. Анын айтымында, учурда «Кыргызтест» Улуттук илимдер академиясынын имаратында жайгашкан, ал жерде тест тапшырууга келген жарандар үчүн эч кандай шарттар жок.
Адамдар тестирлөөгө кирүү үчүн тепкичтерде отуруп кезек күтүүгө мажбур болуп жатышат, — деди депутат.
Адылбек Касымалиев бул маселе чечилип жатканын жооп берди.
Учурда жаңы имаратта оңдоо иштери жүрүп жатат. Оңдоп-түзөө иштери бүтүп, эмеректер менен жабдылгандан кийин «Кыргызтест» жаңы имаратка көчөт, — деп маалымдады Кабмин башчысы.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү