Марлен Маматалиев журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады
Zobolo — Бүгүн, Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев ММК өкүлдөрүнө куттуктоо жолдоду.
Төрага өз кайрылуусунда бир кылымдан ашуун тарыхы бар Кыргыз басма сөзү коомдук пикирди калыптандырууга, улуттук аң-сезимди ойготууга жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө чоң салым кошуп келе жатканын белгиледи. Заман талабына жараша маалымат мейкиндиги кеңейгени менен чынчылдык, калыстык жана кесипкөйлүк ар дайым башкы баалуулук бойдон калышы керектигин баса белгиледи.
Марлен Маматалиев парламенттин ишин чагылдырууга быйыл 200гө жакын журналист аккредитациядан өткөнүн айтып, Жогорку Кеңеш жалпыга маалымдоо каражаттары менен ачык жана тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле, эс алуу күндөрү же кечки маалдарда да окуянын чордонунда жүрүп, элге маанилүү маалымат жеткирип жаткан калемгерлердин эмгегин жогору баалады.
Төрага сөзүнүн аягында баардык журналисттерге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалап, калемдери курч, сөздөрү таасирдүү болуусуна тилектештигин билдирди.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү