Үй-бүлөлүк зомбулукка жол жок! ИИМ ЖОЖдордун студенттери менен маанилүү жолугушууларды өткөрдү
Zobolo — Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан республикабыздын жогорку окуу жайларында жаштар арасында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында профилактикалык жолугушуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Бул жолугушуулар И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде, Бишкек мамлекеттик университетинде жана И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде уюштурулду.
Жолугушуулардын жүрүшүндө студенттерге үй-бүлөлүк зомбулуктун түрлөрү, анын кесепеттери, мыйзам алдындагы жоопкерчилик жана зомбулуктун алдын алуу жолдору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаралардын негизги максаты жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана зомбулукка каршы мамилени калыптандыруу. КР ИИМи үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана коомдо коопсуз чөйрөнү түзүү багытындагы профилактикалык иштерди улантат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү