Ат тезегин кургатпай шайлоого чуркап баралы, айлыксыз калып калганча, добушубузду салалы
Zobolo — Кыргыз Республикасында президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына, шаршемби күнгө белгиленди. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Бишкектеги шайлоо тутумун сыноо учурунда бул күн расмий эс алуу күнү болоорун билдирди.
Анын айтымында, бул эреже мамлекеттик кызматкерлерге да, жеке сектордо эмгектенгендерге да бирдей тиешелүү. Шайлоого катышкан жарандардын ошол күнкү эмгек акысы иш берүүчү тарабынан толук төлөнүп берилет. Ал эми добуш берүүдөн баш тарткандарга эс алуу күнү берилгени менен ал күнгө эмгек акы чегерилбейт.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Алмамбет Шыкмаматов Казакстандын элчиси менен салык чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулады
Zobolo
178
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү