21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Курс жарнамасы чатакка айланды! Анжелика журналист менен соттошууга бел байлады

Курс жарнамасы чатакка айланды! Анжелика журналист менен соттошууга бел байлады

• 1 мүнөт окуу • 2 988 көрүү

Zobolo — Ырчы Анжелика курстун жарнамасына сын пикир жазган журналистти сотко берерин билдирди. Бул тууралуу журналист Эламан Карымшаков өз баракчасында жазып чыкты.

Анын айтымында, буга анын ырчынын курс сатып алууну жарнамалаган видеосун сториске бөлүшүп, пикир жазганы себеп болгон. Анда ырчы "Азиретали Барпиев деген ютубдан кирише тапканды нөлдөн баштап үйрөтөт" деп айтып, артынан Азиретали чыгып өзүнүн курстарын сатып алууга чакырган.

Мен бул тармакты түшүнгөн адам катары эскертип коёюн деп "Ютубдан чоң киришени үмүт кылып окуп алып убактыңарды, акчаңарды бекер кетирбегиле, ал жактан чоң пайда табуу татаал" деп жазгам. Мындай пикир Анжеликага жакпай "жөн жерден негатив жазасыз, мени каралап жатасыз, сотко берем" деп, юристтерине документтерди даярдоого жибергенин айтты, — деди Эламан Карымшаков.

Журналист маселени сот аркылуу териштирүүгө даяр экенин кошумчалады.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар