21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Анжелика жоопкерчиликтен качып, журналисттердин короосуна таш ыргытты

Анжелика жоопкерчиликтен качып, журналисттердин короосуна таш ыргытты

• 2 мүнөт окуу • 985 көрүү

Zobolo — Буга чейин журналист Эламан Карымшаков эстрада ырчысы Анжелика курс жарнамасын сындаганы үчүн сотко берерин билдирип, өздүк баракчасына жазганын маалымдаган эле.

Талкууга себеп болгон окуя ырчынын ютубдан киреше табуу курсун жарнамалаган видеосунан башталган. Анжелика аталган курсту мактап видео жүктөгөндөн кийин, журналист Эламан Карымшаков ал видеону сторисине бөлүшүп, «Ютубдан чоң кирешени үмүт кылып окуп алып убактыңарды, акчаңарды бекер кетирбегиле» деп катталуучуларына өз кеңешин берген.

Буга жооп кайтарган Анжелика журналист аны каралап, «хайп» кармап жатканын айтып чыкты.

Атын чыкпаса "Анжелика" деген сөздү жаз же анын сүрөт-видеолорун колдонуп, башка сөздөрдү сүйлөсөң көрүүлөр көп болот деген нерсени сиз ыкма кылып колдонуп жатасыз, Эламан мырза. Бүгүн болсо катталуучуларыңызга болушунча даттаныптырсыз. Мырзага мындай даттануу жарашпайт. Менин каршылыгым, "Ютубдан көп деле акча таппайсың, алданып калбагыла!" деп жөн эле текст жазбастан, менин видеомду, сүрөтүмдү коюп туруп, башка текстти жазып, ошонун аркасынан "хайп" кармагыңыз келген. Кимдир бирөө алданып калган болсо, сотко кайрылып, арыз жазган болсо, буга менин тиешем бар болсо, сүрөт-видеомду колдонсоңуз туура болмок. Ошол себептен бул ишти нотариус аркылуу баарын көрүп, карап, сотко бердим, — деди ырчы.

Ошондой эле Анжелика бул билдирүүсү менен чектелбей, жалпы журналисттердин дарегине катуу пикирин айтып, короосуна таш ыргыткан.

Ушул "Мен журналистмин" дегендер бир нерсе болсо эле адамды чапчып башташат, — деген өз сөзүндө.

Анжелика менен журналист Эламан Карымшаковдун ортосундагы пикир келишпестик коомчулукка чоң сабак жана маанилүү талкуу тартуулады. Бул жагдай заманбап медиа мейкиндигинде жарнаманын сапаты, блогерлердин жоопкерчилигин ойлонууга чоң түрткү берди. Муну Жогорку Кеңештин депутаттары эске алып, блогер жана белгилүү адамдардын жарнамалык иштердин аркасында чоң жоопкерчилик бар экенин сездирип, бул боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгышы керек. Антпесе, аягы келип карапайым эл эле жабыр тартып, акчаларына күйүп, ден соолуктарынан ажырап жатышат. Эгер жоопкерчилик тарткылары келбесе, ар нерсени жарнамалай берүүлөрүн токтотушу керек.

Өз кезегинде журналист Эламан Карымшаков коомчулукка эскертип гана койгонун айтып, маселени сот аркылуу териштирүүгө толук даяр экенин билдирген. Учурда бул чатак социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар