21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Нурбек Сыдыгалиев журналисттерди Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады

Нурбек Сыдыгалиев журналисттерди Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады

• 1 мүнөт окуу • 244 көрүү

Zobolo — Бүгүн, 7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнүнө карата кабарчыларды жана массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктады.

Куттуктоодо журналистика жөн гана кесип эмес, коомдун күзгүсү, чындыктын үнү жана мамлекет менен элдин ортосундагы алтын көпүрө экендиги баса белгиленген.

Сиздер коомдогу маанилүү окуяларды жана көйгөйлөрдү ачык-айкын чагылдырып, жарандардын үнүн жеткирүүдө зор жоопкерчиликти аркалап келесиздер. Кесипкөйлүгүңүздөр, калыстыгыңыздөр жана мекенчилдигиңиздер менен мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошуп жатасыздар, — деп айтылат куттуктоодо.

Нурбек Сыдыгалиев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жооптуу ишинде ийгиликтерди каалап, калемдери ар дайым курч болуусун каалады.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар